Кышкы турмезгил ийгиликтүү аяктады: Ысык-Көл облусунда туристтердин саны 20%га өстү

 Кышкы турмезгил ийгиликтүү аяктады: Ысык-Көл облусунда туристтердин саны 20%га өстү

Ысык-Көл облусунда 2023-2024-жылдардагы кышкы туристтик мезгил ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы билдирет.

 

Ведомствонун маалыматына ылайык, ноябрдын ортосунан апрелдин башына чейин Ысык-Көл облусундагы «Каракол» лыжа базасында эле 200 миңдей адам эс алып кетишти.

 

Алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча, кыш мезгилинде Ысык-Көл облусуна келген туристтердин саны мурунку туристтик сезонго салыштырмалуу болжол менен 20%га өскөн. Бул кыш мезгилинде аймактын туристтик потенциалына көңүл буруу боюнча жергиликтүү туристтик фирмалардын, мейманканалардын жана мамлекеттик уюмдардын ийгиликтүү ишинин көрсөткүчү болуп эсептелинет.

 

Кышкы туристтик мезгилдин ийгиликтүү өтүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп, туристтердин коопсуздугун камсыздоодо туристтик милициянын активдүү иш алып баруусу болду. Туристтик маршруттарды тынымсыз күзөтүүнүн жана областтык ички иштер органдарынын башка кызматтары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн аркасында олуттуу окуялардын алдын алууга жана туристтердин аймакта ыңгайлуу болушун камсыздоого мүмкүн болду.

 

Кышкы туристтик мезгилде эс алуучулардын уюлдук телефондору жоголгон 2 гана учуру катталып, алар ийгиликтүү табылып, ээлерине кайтарылып берилген. Туристтерге сапаттуу тейлөө көрсөтүү максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында call-борбор уюштурулуп, коопсуз жана жайлуу эс алуу боюнча ыкчам маалыматтар берилип келди. Жалпысынан облустук милициянын call-борборуна эс алуучулардан 54 чалуулар келип түшкөн. Көбүнчө кайрылгандарды мейманкананын жайгашкан жери жана эс алуучу жайлардын маршруттары кызыктырды.

«Биз кыш мезгилинде Ысык-Көл облусуна келген бардык туристтер үчүн коопсуздукту жана жайлуулукту камсыздай алганыбызга сыймыктанабыз. Бул жергиликтүү бийликтин, туристтик фирмалардын жана ички иштер органдарынын тыгыз кызматташтыгынын натыйжасы», – деп белгиледи туристтик-экологиялык милициясынын командири Азамат Кулукеев.

 

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы бардык туристтерге биздин аймакты эс алууга тандап алгандары үчүн ыраазычылык билдирип, кийинки кышкы туристтик мезгилде анын кооздугун жана уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү улантууга чакырат.

Связанный пост