Кыргызстанга жыл сайын Голландия, Эквадор жана Кениядан 2 миллиондон ашык гүл алынып келинет

Жыл сайын Кыргызстанга Кения, Эквадор жана Голландиядан 2 миллиондон ашык гүл алынып келинет. Ал эми акыркы 5 жылда өлкөдө гүл саткан дүкөндөрдүн саны эки эсеге өскөн.
Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги ата мекендик ишкерлерге гүл өстүрүү менен алектенүүнү сунуштайт.
Ведомствонун маалыматына ылайык гүл өстүрүүнүн бир нече багыттары бар. Ар ким өзүнө ылайыктуусу тандап ала болот.
Белекке бериле турган гүлдөрдү же идиште отургузулган гүлдөрдү атайын кампаларда өстүрүү, ошондой эле декоративдүү өсүмдүктөрдүн уруктарын жана көчөттөрүн сатуу боюнча эки багыт бар.
Белгиленгендей, ар бир ыкманын чоң потенциалы бар, бирок экөөнү тең айкалыштыруу менен эң жакшы натыйжаларга жетишүүгө болот.