Кыргызстанга жумуртка импорттоого убактылуу чектөө киргизилди

 Кыргызстанга жумуртка импорттоого убактылуу чектөө киргизилди

 Өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун кылуу жана азык түлүк товарларынын базардагы бааларын турукташтыруу максатында 1-майдан тартып Кыргызстандын аймагына жаңы тоок жумурткасын импорттоого убактылуу тыюу салынды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен белгилешкендей, чектөө 6 айлык мөөнөткө киргизилүүдө.

Белгиленгендей, 10-февралдан ушул күнгө чейин республиканын аймагына коңшулаш өлкөлөрдөн импорттолгон жумурткалар катталган эмес.

Тескерисинче, 2025-жылдын январь–март айларындагы маалыматка караганда Кыргызстандан бир эле коңшу Казакстанга 8 млн 812 миң 800 даана жумурутка экспорттолгон. Бул 2024-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда импорттун көлөмү 10 млн 760 миң 760 даанага азайып, экспорттун көлөмү 8 млн 756 миң 200 даанага көбөйгөн.

Ошону менен бирге учурда өлкөдө жумуртка маселеси көбүн эсе ички рыноктогу ири жана чакан тоок фермаларынын ортосундагы атаандаштыктан улам жана ички өндүрүмдүн жогорулап кеткендигине байланыштуу.

“Мындан улам министрлик дыйкан-фермерлерди көбүн эсе тоок жумурткасы эмес, тоок эти менен иш кылууну сунуштайт. Себеби, жылына өлкөгө 91 миң тоннадан ашуун тоок эти кирип, жумурткага караганда тоок эти бир топ кирешелүү багыт. Андан сырткары, учурда элет жергесинде ар бир үй бүлөдө 30-40 тоок багып, бул дагы ички өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына, суроо талаптын төмөндөшүнө алып келүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Аны менен бирге министрлик өлкө аймагына чет өлкөдөн импортко тыюу салганы менен өлкө ичинде бир аймактан экинчи аймакка товарлардын эркин жүгүрүүсүнө тыюу сала албай тургандыгын белгилейт.

Связанный пост