Кыргызстанга ЖОЖдор 29,5 миңден ашуун абитуриентти кабыл алды

 Кыргызстанга ЖОЖдор 29,5 миңден ашуун абитуриентти кабыл алды

Бүгүн, 23-август саат 13:00дөгү ачык маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайлар 29 миң 551 абитуриентти кабыл алган.

 

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 5 раунддун жыйынтыгына ылайык, талондорду каттоо боюнча төмөндөгү ЖОЖдор алдыга чыккан:

 

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 8240,

И. Раззаков атындагы КМТУ – 7457,

ОшМУ – 6369,

Б.Ельцин атындагы КРСУ – 5414,

И. Арабаев атындагы КМУ – 4644,

И. Ахунбаев атындагы КММА – 4420,

Х. Карасаев атындагы БМУ – 3953,

«Ала-Тоо» Эл аралык Университети – 2804.

Эң көп тастыктама төмөнкү ЖОЖдорго берилди:

 

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 4930 абитуриент,

ОшМУ – 4009,

И. Раззаков атындагы КМТУ – 3749,

И. Арабаев атындагы КМУ – 2349,

Х. Карасаев атындагы БМУ – 2022,

Б. Ельцин атындагы КРСУ – 2108,

И. Ахунбаев атындагы КММА – 1064,

«Ала-Тоо» Эл аралык Университети – 1004.

Связанный пост