Кыргызстанга Россиядан 1 147 тоннага жакын гумжардам келди
Кыргызстанга Россиядан 1 147 тоннага жакын гуманитардык азык-түлүк жардамы жеткирилди. Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу акысыз негизде берилди жана өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө таратылат.
Байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы долбоорлорго катышкан болжол менен 4 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилет. Алар азык-түлүк менен камсыз болуу менен бирге ирригациялык түйүндөрдү, ичүүчү суу тутумдарын калыбына келтирүүгө, бак-дарак отургузууга, дарыя жээктерин бекемдөөгө көмөктөшөт, ошондой эле заманбап айыл чарба ыкмалары жана өз алдынча иш менен камсыз болуу боюнча тренингдерге катышат.
- Максаттуу үй-бүлөлөргө: 300 кг ун жана 30 литр май;
- Тренингге катышкандарга: 150 кг ун жана 15 литр май.
Иш-чарага Эмгек министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Дина Анарбаева, Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Иван Прокопенко жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кожиро Накай катышты.