Кыргызстанга «Кыргызфармация» МИсы тарабынан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын алгачкы партиясы келе баштады

Кыргызстанга «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын алгачкы партиясы келе баштады.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 21-июнунда «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алуу үчүн 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Ал эми 2023-жылдын июль айынан тарта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жогорку технологиялык фондунун жана борборлоштурулган иш-чаралардын алкагында саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди, ошондой эле бул фонддордон тышкары дары-дармектердин айрым позицияларын алгачкы сатып алуу иштери башталган.

Алсак, июль айында Улуттук фтизиатрия борборуна, Улуттук госпиталга, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, ошондой эле экинчи баскычтагы башка саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектер келип түшкөн.

2023-жылдын 14-августунда онкологиялык ооруларга каршы европалык өндүрүүчүлөрдөн 227 миллион сомго жакын суммага химиотерапиялык дарылар өлкөгө келе баштады.

Мындан тышкары, өлкө неонаталдык скрининг үчүн, эрте аныктоо, өз убагында дарылоо, майыптуулуктун жана оор клиникалык кесепеттерди алдын алуу, ошондой эле тукум куума оорулардан балдардын өлүмүн азайтуу үчүн европалык өндүрүштөн алынган дарыларды алат.

Жеткирүү графигине ылайык, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жума сайын келүүсү күтүлүүдө.

Алсак, Жогорку технологиялар фондунун өтүнмөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларынын алкагында келишимдерди түзүү аяктоодо, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүү график боюнча жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган фонддордун жана түзүлгөн келишимдердин алкагында дары-дармек каражаттарын сатып алуу менен 250 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлгөн.

Связанный пост