Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналы аныкталды
Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналын аныктады.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн натыйжасында Пакистандын жараны А.М. жеке материалдык баюу максатында 14 пакистандык жарандын ишенимине кирип, аларга бардык керектүү документтерди берүүгө убада кылган.
Аталган А.М. өзү Кыргызстандын аймагында 17 жылдан ашык убакыттан бери болгон жана бул факторду анын өлкөдө керектүү байланыштары бар экендигин жана Пакистандын жогоруда аталган жарандары үчүн электрондук визаларды (E-Visa) бере ала тургандыгын ырастоо катары колдонгон. Бул үчүн А.М. жабыркаган жарандардан 1 млн сомдон ашык акча алган.
Бул боюнча 2025-жылдын 18-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 209-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Документтерди жасалмалоо” жана “Алдамчылык”) каралган кылмыштардын негизинде А.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда УКМК тарабынан аталган кылмыштын потенциалдуу катышуучуларын аныктоо жана башка адамдар тарабынан уюштурулган ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.