Кыргызстанга чет өлкөдөн келген студенттердин саны азаюуда

 Кыргызстанга чет өлкөдөн келген студенттердин саны азаюуда

Бишкекте “Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин укуктарынын сакталышын камсыздоого багытталган мониторингдин жыйынтыгы” темасында талкуу өткөрүлдү.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, иш-чара “Оазис” жана Фридрих Эберт атындагы фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган.

Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Индиянын элчилигинен, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана чет элдик студенттер катышып, Кыргызстандын аймагында билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу жана алардын укуктарынын сакталышын камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев Кыргызстан эл аралык милдеттерге жана улуттук мыйзамдарга ылайык, этносуна жана улутуна карата дискриминацияга жол бербөө маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

“Акыйкатчы институту Кыргызстандын аймагындагы адамдын укуктарынын сакталышына туруктуу мониторинг жүргүзүп турабыз. Ар бир адам улутуна жана жарандыгына карабастан өзүн коопсуз сезиши керек”, – деди ал.

Фридрих Эберт атындагы фонддун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Филипп Яндын айтымында, Кыргызстан менен Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда академиялык кызматташтык акырындык менен экономикалык байланыштарга өтүп жатат.

Талкуу учурунда айтылгандай, атайын изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга чет өлкөдөн келген студенттердин саны азаюуда. 2023–2024-окуу жылында чет өлкөлүк студенттердин саны 31%га кыскарган. Көбүнчө Өзбекстандан келген студенттердин саны 53%, Индиядан келгендердин саны болсо, 13%га азайган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы “S” тибиндеги студенттик визалардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсеге азайып, болгону 11 миң 645 виза берилген. Индиялык жарандардан арыз 80%га азайып, болгону 4 689 студентке Кыргызстанда билим алууга уруксат берилген. Пакистан жарандары 75%га аз кайрылышып, 4 200 виза алышкан. Ал эми Бангладеш жарандарына берилген визалардын саны 58%га кыскарып, быйыл 333 гана студентке берилди.

“Оазис” фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева чет өлкөлүк студенттер укуктары бузулган учурда укук коргоо органдарына көп кайрыла бербестигин билдирди.

“Биздин сурамжылоого катышкан чет өлкөлүк студенттердин болгону 22 пайызы гана укук коргоо органдарына кайрылган”, — деди Мээрим Осмоналиева.

Сурамжылоонун жыйынтыгында белгиленгендей, чет өлкөлүк студенттер турак жайды ижарага алуу учурунда кыйынчылыктарга кабылып, талап-тоноочулукка жана коомдук транспорттогу дискриминацияга дуушар болуп жатышат. Ошондой эле маданий интеграция механизмдери жок.

Мындан тышкары, сурамжылоого катышкандардын 42%ы коркутууларга туш болгонун, ал эми 14% студент сексуалдык зомбулук жана ыдыкка кабылганын айтышкан.

Акыйкатчы институтунан кошумчалашкандай, тиешелүү мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыздоо боюнча сунуштарын жөнөтүлдү.

Связанный пост