Кыргызстанга 5 млн сомдук товарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду
ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү фактыларынын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.
Кытай Эл Республикасынан Иркештам ААБЖЖ аркылуу келген жана «Бажы кампасы» бажы жол-жобосуна коюлган товарлардын ичинен декларацияланган товарлардан тышкары жалпы салмагы 3390 кг түзгөн «аялдардын күрмөлөрү» аныкталган.
Товардын баасы 4 950 000 сомду түзгөн. Келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 1 412 529 сомду түзгөн.
Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.