Кыргызстандын тышкы соодасы $14,6 млрд түздү
Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрында 14,6 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,7%га көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын маалыматы боюнча, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,3%га өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,8%га төмөндөдү.
2024-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,1%га көбөйдү.
Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга – 71,2% жана Казакстанга – 26,9% туура келди.