Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 4,6 млрд долларга жетти

 Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 4,6 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 2025-жылдын январь-апрель айларында 4 млрд 592,4 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 11,7%га азайган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, экспорттук жеткирүүлөр 8,2%га, импорттук түшүүлөр 12,3%га кыскарган.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-апрель айларында 1 миллиард 472,7 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 3,8%га өстү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын бул мезгилдеги өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия менен 67,6% жана Казакстан 30,2% түзгөн.

Связанный пост