Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт

 Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 25-марттан 27-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында, (Сөөк ашуусу), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда “112” бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Связанный пост