Чүй облусуна 8 тонна контрабандалык спирт ичимдиктерин алып киргенге аракеттенишкен

 Чүй облусуна 8 тонна контрабандалык спирт ичимдиктерин алып киргенге аракеттенишкен

Чүй облусунун аймагына контрабандалык спирт ичимдиктерин ташып келүү жолуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнан билдиришти.

2023-жылдын 24-мартында КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Акжол-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунда тиешелүү жүктү коштоо документтери жок, Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып келүү аракетине бөгөт коюлду.

Такталгандай, спирт ичимдиктери Кыргыз Республикасынын аймагына эл керектөөчү товарларга жамынып, 1 тонна өлчөмүндөгү атайын идиштерде ташылып келингендиги ачыкталган. Жыйынтыгында алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын болгон жүк менен Мерседес-Бенц «Отего» 1221 үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа кармалган.

Унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, Чүй облусу боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын жүргүзүү пландаштырылууда.

Связанный пост