Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

 Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу);
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында; Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
  • Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
  • Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу),
  • Түп-Кеген унаа жолунун 51-76-чакырымдарында;
  • Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98, 110-136-чакырымдарында;
  • Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-177, 218-224-чакырымдарында (Талдык, Тоң-Мурун ашуулары).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Связанный пост