Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

 Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Өзбекстандын аймагында 18-апрель саат 21:16да очогунда күчу 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

 

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында, тактап айтканда Найман айылынан түндүк-чыгышка карай 14 чакырым, Кочубаев айылынынан түндүк-батышка карай чакырым, Андижан шаарынан түштүк-батышка карай 27 чакырым жана Ош шаарынан батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

 

Жер тирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу пунктарында Найман, Кочубаев айылдарында 3 баллды түзгөн.

Связанный пост