Кыргызстандын сүт өнүмдөрү Өзбекстан базарына чыгууда

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен «Кант Сүт» компаниясы («Ак Дарыя» бренди) Ташкент шаарында өзбек өнөктөштөрү менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигининин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш сапардын алкагында компания Өзбекстандын ири супермаркеттер тармагы — «Макро» менен жолугуп, сүт өнүмдөрүн тааныштырды. Кыргызстандын азыктары сапаты жагынан жогору бааланып, Наманган, Анжиян жана Фергана шаарларына сыноо партияларын жеткирүү маселеси каралды.
Мындан тышкары, консалтинг компаниясы менен болгон өзүнчө жолугушууда Өзбекстанда юридикалык жак катары катталуу, муздаткыч кампаларды жана бөлүштүрүү борборун ачуу боюнча пландар талкууланды.
Бул кадам — кыргыз брендин чет өлкөлүк рынокторго чыгарууга жана кошуна мамлекет менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган аракеттердин бир бөлүгү. Кыргызстан өз өнүмүн тышкы базарларга жайылтып, туруктуу өнөктөштүк аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда, — деп айтылат маалыматта.