Кыргызстандын курамасы III Азия оюндарына жөнөтүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 22-31-октябрында Бахрейн Королдугунун борбору Манама шаарында өтө турган III Азия жаштар оюндарына (Asian Youth Games – Manama 2025) катышууга Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргызстандын жаштар курама командасын жөнөтүү аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, команданын капитаны Улан Майрамбековго жана спортчу Доминика Чернецкаяга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун салтанаттуу түрдө тапшырды.

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Бүгүн мен сиздерге Мамлекеттик тууну тапшырып жатып, мен сыймыктанам жатканымды жана спортубуздун келечегине ишенеримди билдирем. Алдыда көптөгөн жеңиштер күтүп турат, 2032-жылы Брисбенде өтө турган Олимпиада оюндарында өлкөбүздүн намысын дал ушул сиздер коргойсуздар. 2013-жылы Нанкинде өткөн жаштар арасындагы Азия оюндарына өлкөбүздүн намысын 14 гана спортчу коргосо, бүгүнкү күндө алардын саны 145ке жетти. Бул көп улуттуу элибиздин күч-кубаты, дарамети артып баратканын, ошондой эле өлкө жетекчилиги спортту өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзүп, таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүп жаткандыгынын айкын далили”, – деди ал.

Делегациянын курамына 194 катышуучу, анын ичинде 145 спортчу, 38 машыктыруучу жана адистер, ошондой эле дарыгерлер жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү кирген. Кыргызстандык спортчулар спорттун 17 түрү боюнча мелдешет.

Связанный пост