Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев “Достык” ордени менен сыйланды
			
    Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргыстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеевге II даражалуу «Достык» орденин тапшырды.
КР ТИМден билдиришкендей, азем Казакстанда 25-октябрда белгиленүүчү Республика күнүнө арналды.
Жогорку мамлекеттик сыйлык Казакстан президентинин жарлыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүүгө кошкон чоң жеке салымы үчүн элчиге ыйгарылды.
Салтанат учурунда Казакстан тышкы иштер министри эки боордош элдин ортосундагы эл аралык саясий диалогду жандандырууга, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөдө Дастан Дюшекеевдин активдүү ролун белгиледи.
«Достык» ордени – мамлекеттер ортосунда тынчтык, достук жана кызматташтыкты өркүндөтүүгө мыкты кызмат өтөгөн жарандарга ыйгарыла турган Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири болуп саналат.