Кыргызстандын калкы дээрлик 7,3 млн адамга жетти

 Кыргызстандын калкы дээрлик 7,3 млн адамга жетти

Кыргызстандын туруктуу жашаган калкынын саны 2024-жылы 119,9 миң адамга, же 1,7 пайызга өсүп, 2025-жылдын 1-январына карата 7 млн 282 миң адамды түздүБул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылы каттоо органдарында 140,4 миң ымыркай катталган, же калктын 1000 тургунга 19,4 жаңы төрөлгөн ымыркай туура келди, ал эми 31,7 миң адам өлгөн. Бул калктын 1000 тургунуна 4,4 (2023-жылы 4,4) адам туура келет.

Натыйжада калктын табигый өсүшү 108,7 миң адамды түздү, же калктын 1000ине 15 (2023-жылы 16,2) адам туура келет.

2024-жылы калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, эң төмөнкүсү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда байкалган.

Связанный пост