Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1 трлн сомдон ашты

Өлкөдө 2025-жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 трлн 42,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын айтымында, ИДП 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га өскөн.
“ИДПдагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 50,8%ды, товардык өндүрүш тармактары – 33,4%ды, продукцияга салыктар – 16%ды, ал эми курулуш жана айыл чарба тармактары 7%ды түздү”, – деди ал.