Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасын бразилиялык адис машыктырат
Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасына жаңы башкы машыктыруучусу дайындалды. Кыргыз футбол биримдиги кабыл алган чечимге ылайык аталган кызматка UEFA PRO лицензиясына ээ болгон бразилиялык адис Эдмар Ласерда келди.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык “Индепендиенте”, “Паулиста” жана “Интернасьональ” клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, “Таврия” клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин ал карьерасын “Металлист”, “Днепр” сыяктуу украиналык клубдарында карьерасын уланткан.
Украиналык жарандык алгандан кийин Ласерда 2011-2014 жылдар аралыгында Украинанын Улуттук курама командасы үчүн ойногон.
2019-жылы машыктыруучулук карьерасын баштаган Эдмар Ласерда 2023-жылга чейин “Металлист 1925” клубунда машыктыруучу болуп иштеп, 2024-жылы казахстандын “Тобол” клубунда машыктыруучунун жардамчысы болуп эмгектенген.
Машыктыруучу кураманы ушул жылдын сентябрь айында өтө турган Азия кубогунун тандап алуу оюндарында дайындайт.