Кыргызстандын элин тазалыкка чакырган видео менен бөлүштү

 Кыргызстандын элин тазалыкка чакырган видео менен бөлүштү

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына тазалыкка жана жаратылышты коргоого чакырган видео менен бөлүштү.

Бул роликте улгайган аял Бишкек — Ош трассасынын боюнча таштанды терип жатканы тартылган.

“Балдарым өйдө-төмөн өткөндө мындай таштандыларды таштабагыла. Президентибиз кандай айтып жатат, тазалык керек. Мен Бишкек — Ош трассасынын боюнча минтип тазалап, чогултуп жатам. Кыздарым, балдарым уят болот”, – деген ал видеодо.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчы кыргыз элин тазалыкты сактоого жана жаратылышты коргоого бир нече ирет үндөп, Ысык-Көлдүн түбүн таштандыдан тазалоо боюнча иш-чараларды жана “Жашыл Мурас” акциясын баштап, бир катар тиешелүү документтерге кол койгон.

Связанный пост