Кыргызстандын элчиси АКШнын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

 Кыргызстандын элчиси АКШнын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

11-июнда Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев Американын президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуудагы кыска маек учурунда элчи Молдогазиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы күн тартибин алдыга жылдыруу, өлкөлөр ортосундагы бекем жана туруктуу достук мамилелерди тереңдетүүгө өз ниетин белгиледи.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга умтулуу ырасталды.

Связанный пост