Кыргызстандын эл аралык резерви 7 млрд долларга жетип, рекорд койду

 Кыргызстандын эл аралык резерви 7 млрд долларга жетип, рекорд койду

2025-жылдын 3-сентябрына карата Кыргызстандын дүң эл аралык резервдери жаңы рекорддук чекке жетип, 7млрд 21 млн долларды түздү. Бул 2025-жылдын башынан бери 1 933,1 млн долларга же 38 пайызга өскөнүн билдирет, деп маалымдады Улуттук банк.

Ошол эле учурда 2024-жыл ичинде дүң эл аралык резервдер 3 236,5 млн доллардан 5 088,1 млн долларга чейин өскөн.

“Эл аралык резервдердин учурдагы көлөмү алдыдагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорунун болжол менен 5,7 айын жабат, бул эл аралык резервдердин жетиштүүлүгүнө коюлган сунушталган эл аралык критерийлерге шайкеш келет.

Быйылкы жылы эл аралык резервдердин өсүшү ички жана тышкы рыноктордогу операциялардан түшкөн каражаттардын эсебинен, ошондой эле баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы жагымдуу конъюнктуранын натыйжасында камсыздалды. Ошону менен бирге, Улуттук банк эл аралык резервдерди башкарууда резервдик активдердин коопсуздугуна жана ликвиддүүлүгүнө багытталган консервативдүү стратегияны карманып келет”, – деп айтылат маалыматта.

Эл аралык резервдер улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун жана Кыргыз Республикасынын каржылык туруктуулугун колдоого, ошондой эле өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат.

Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык жагдайды эске алуу менен, тиешелүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны сактап туруу максатында эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин колдоого багытталган саясатын улантат.

Связанный пост