Кыргызстандын эл аралык резервдери 7,5 млрд доллардан ашты
Кыргызстандын эл аралык резервдери 2025-жылдын сентябрынын аягына карата 48,5 пайызга көбөйүп, 1-октябрга карата 7,5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, резервдердин өсүшү улуттук экономиканын жана өлкөнүн каржы системасынын туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.
“Эл аралык резервдерди чыңдоо жана көбөйтүү биздин ишибиздин негизги багыты бойдон калууда. Жетиштүү резервдерди сактоо инвесторлордун ишенимин гана бекемдебестен, мүмкүн болуучу тышкы экономикалык соккуларды минималдаштыруу үчүн тышкы таасирден ишенимдүү коргоочу катары кызмат кылат”, – деп белгиледи Козубеков.
Ал Улуттук банк тарабынан ишке ашырылып жаткан чаралардын комплекси баалардын туруктуулугун камсыздоого жана өлкө экономикасында баалардын ашыкча өсүшүн ооздуктоого багытталганын баса белгиледи.
Булак “Кабар” агенттиги