Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 10,3 пайызга жетет
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү 10,3 пайызга чейин жетет деп болжолдоодо. Мындай маалыматтар банктын кезектеги макроэкономикалык баяндамасында келтирилген.
Бул Кыргызстандын экономикасы өнүгүүнүн жогорку темпин кармап турганын далилдейт.
Аналитиктердин белгилөөсү боюнча, өсүштүн негизги кыймылдаткычтарынын бири — керектөөнүн жогорку деңгээли. Бул көрсөткүч банк кызматтары рыногундагы кредиттик жигердүүлүк менен шартталууда.
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында финансылык мекемелер тарабынан насыя берүүнүн көлөмү 52 пайызга өскөн. 2024-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч эки эсе төмөн болгон.
“Чекене соода 11,8 пайызга, инвестициялар 19,9 пайызга өстү. Бул керектөөчүлүк жана инвестициялык суроо-талаптын күчтүү динамикасы сакталып жатканын айгинелейт”, — деп белгилешет банктын адистери.