Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү улантууда
Кыргызстандын экономикасы өсүүнү улантууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык макрообзорунда айтылат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–октябрь айларында ИДП 10%га өстү. Мындай өсүшкө өлкөгө тартылган ири инвестициялар жана керектөөчүлүк чыгашалардын көбөйүшү себеп болууда.
Курулуш тармагы дээрлик 28%га өстү. Бул мамлекеттик турак жай куруу программасынын, жолдорго, социалдык объекттерге жана инфраструктурага багытталган активдүү инвестициялардын аркасында мүмкүн болду.
Ички соода 9,2%га көбөйдү. Өсүштүн негизги себептери:
- Эмгек акы дээрлик 20%га жогорулап, жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү артты.
- Насыялоо 43%га өсүп, калк товарлар менен кызматтарды активдүү сатып ала баштады.
Жалпысынан, өлкө экономикасы туруктуу темп менен өнүгүп жатат: курулуш өсүп, соода жанданып, жарандардын кирешеси көбөйүп, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө.