Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги уюштурулду

 Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги уюштурулду

Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” КР мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык токтом кылынат:

1. Аддис-Абеба шаарында жайгаштыруу менен Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги уюштурулсун.

2. КР министрлер кабинети: – Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

– КР Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 4 бирдикке көбөйтүү маселесин чечсин;
– өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

Связанный пост