Кыргызстандын бокс боюнча курамасы АКШдагы эл аралык мелдеште 4 алтын медаль жеңди

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Американын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өткөн эл аралык ачык мелдеште 6 медаль – 4 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Алтын медалын ээлери:
50 кг Анвар Ходжиев;
55 кг Зафарбек Камилов;
60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
70 кг Ихтияр Нишанов
Күмүш медалдын ээси:
70 кг Элдар Турдубаев;
Коло медалдын ээси:
65 кг Алмаз Орозбеков;
Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.