Кыргызстандын банктарынын депозиттик базасы 25 пайызга өстү

 Кыргызстандын банктарынын депозиттик базасы 25 пайызга өстү

Кыргызстандын банк секторунун депозиттик базасы 25 пайызга көбөйүп, 2025-жылдын август айынын акырына карата 741 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, депозиттердин өсүшү калктын жана бизнестин банк тутумуна болгон ишениминин жогорулаганынан кабар берет.

“Жакынкы келечекте Кыргызстандагы инфляциялык динамикага негизинен тышкы факторлор таасир этет деп күтүлүп жаткандыктан, Улуттук банк акча-кредит саясаты жаатында тиешелүү чечимдерди кабыл алат. Экономиканын өнүгүү тенденцияларын жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүн эске алуу менен эсептик чен боюнча чечимдер өзгөчө кылдаттык менен кабыл алынат”, – деп белгиледи Козубеков.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост