Кыргызстандын банктарынын активдери 1,3 трлн сомдон ашты

 Кыргызстандын банктарынын активдери 1,3 трлн сомдон ашты

Үстүбүздөгү жылдын 31-январына карата Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, банк тармагынын суммардык активдери жыл башынан тартып 10,7 пайызга өсүү менен 1 трлн 340 млрд 7 млн сомду түзгөн.

“Кардарлардын насыя портфелинин көлөмү жыл башынан 1 пайыз өсүү менен 512 млрд сомду түздү. Ал эми ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү жыл башынан бери 1 пайызга өсүп, 19,3 млрд сомду түзгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, банк тармагынын кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан 1,6 пайыз өсүү менен 880 млрд сомду түзгөн.

Связанный пост