Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Казакстанга экспорттоого жашыл коридор түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Астанага болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министринин орун басары – улуттук экономика министри Серик Жумангарин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлүп, жыйынтыгында Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Казакстанга экспорттоо үчүн жашыл коридор менен камсыз кылуу, эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары ортосунда мунай жеткирүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү жана эки мамлекеттин жарандары үчүн миграциялык эрежелерди жөнөкөйлөтүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ага ылайык, Кыргызстандын “Кыргыз Агрохолдинг” ААКсы Казакстандын Соода комитети жана “Казтрейд” ААКсы менен биргеликте экспортко чыга турган айыл чарба продукцияларынын тизмесин жана көлөмүн аныктоо боюнча мындан ары тыгыз иш алып бара турган болду.

Ошондой эле тараптар Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын, өзгөчө сезондук продукцияларды Казакстанга жеткирүү боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, социалдык маанидеги товарларды Казакстандын аймагы аркылуу импорттоо учурунда казак тараптын магистралдык темир жол тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүндө тарифтик жеңилдиктерди колдонуу маселесине көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки мамлекеттин президенттери тарабынан эки өлкө элинин жыргалчылыгына багытталган буга чейин жетишилген макулдашууларын жана стратегиялык демилгелерин ишке ашыруу үчүн жигердүү иштөөгө, бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост