Кыргызстандын аймагында бир жумада 264 мас айдоочу кармалды

 Кыргызстандын аймагында бир жумада 264 мас айдоочу кармалды

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында 30-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта 18 миң 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

 

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 262;

мас абалында рулга отуруу — 264;

автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 922;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 781;

автоээнбаштык — 4;

белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 955;

жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 733;

 

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 541 автоунаа айып короосуна киргизилген.

 

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост