Чек арадан өтүү жеңилдейт: “Санарип чек ара” тиркемеси ишке кирди

Бишкекте “Санарип чек ара” мобилдик тиркемесинин расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул мамлекеттик чек арада ачык-айкындуулукту, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган.

Демилге БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага чектеш жашаган жамааттарынын дараметин чыңдоо долбоорунун алкагында ишке ашты.

“Жаңы мобилдик тиркеме жарандарга жана чет элдик конокторго чек арадан өтүүнүн актуалдуу эрежелерин тез арада билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өлкөнүн 8 пилоттук өткөрмө пунктунда жаңы Milestone Systems программалык камсыздоосу негизинде видеобайкоо системасы орнотулду. Бул мекемелер аралык байланышты күчөтүп, мониторинг жүргүзүүнү жаңы деңгээлге көтөрөт”, – деп айтылат маалыматта.

Бет ачардан соң журналисттер үчүн “Ак-Жол” өткөрмө пунктуна пресс-тур уюштурулуп, алар тиркеменин жана жаңы системанын иштеши менен практикалык түрдө таанышышты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков бул кадам чек ара кызматындагы ачык-айкындуулукту жогорулатып, өлкөгө келген конокторго тейлөө сапатын жакшырта турганын баса белгиледи.

Связанный пост