Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндүргөн 16 ишкана катталган

 Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндүргөн 16 ишкана катталган

Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндургөн 16 ишкана катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар күн карама, пахта, зыгыр, ашкабактын, жүзүмдүн данеги, грек жаңгагынан өсүмдүк майын чыгарышат.

Белгиленгендей, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү бир жолку муздак сыгып алуу ыкмасын колдонушат. Ошондуктан, даяр болгон продукцияда көптөгөн табигый пайдалуу заттар сакталып калат.

Связанный пост