Кыргызстандын 800 миңге жакын жараны чет өлкөлөрдө жашайт
2025-жылдын декабрь айына карата чет өлкөлөрдө 798 миң 400 кыргызстандык жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу брифингде билдирди.
Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгү Россияда — болжол менен 341 миң 94 адам, бул жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 37 миңге аз.
“Ошол эле учурда АКШда 60 миң, Кореяда 12 миң, Германияда 15 миң жана Бириккен Араб Эмираттарында 6 миңден ашуун кыргызстандык бар. Чет өлкөгө чыгуунун негизги максаты болуп билим алуу, эмгек ишмердүүлүгү, туризм, бизнес жана медициналык кызматтарды алуу саналат”, – деди ал.