Кыргызстандын 17 тигүү ишканасы Европа рыногуна товар чыгарат

 Кыргызстандын 17 тигүү ишканасы Европа рыногуна товар чыгарат

Кыргызстандагы 17 тигүү ишканасы Евробиримдиктин REX системасына катталды. Дагы 10 ишкана бул тизмеге кирүү үчүн документтерин тапшырды. Бул тууралуу “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров билдирди.

Анын айтымында, бул ата мекендик 31 ишкана катышкан экспорттук акселератор программасынын алгачкы жыйынтыктарынын бири болду.

Программанын негизги максаты — кыргызстандык тигүү ишканаларын жаңы чет өлкөлүк рынокторго, анын ичинде Европа биримдиги жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө товар чыгарууга даярдоо.

Окутуу учурунда ишканалардын ээлери, жетекчилери жана сатуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери чет өлкөлүк рыноктордун талаптарын, маркетингди, өндүрүш стандарттарын, товарларды сертификациялоону, ошондой эле социалдык жана экологиялык талаптарды үйрөнүштү.

Окутууга Индиядан келген, Nike, H&M жана Zara сыяктуу дүйнөлүк бренддер менен иштөө тажрыйбасы бар эки эл аралык эксперт тартылган. Катышуучулар бир айга жакын убакыт алар менен иштеп, билимин жогорулатуу жана ишканаларын чет өлкөлүк сатып алуучулар менен кызматташууга даярдоо боюнча тажрыйба алышкан.

Андан кийинки этапта өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүгү жогору 15 ишкана тандалып, алардын ишине өзүнчө талдоо жүргүзүлгөн. Эл аралык жана жергиликтүү эксперттер ар бир ишкананын ишин карап чыгып, аны жакшыртуу боюнча сунуштарын беришкен.

“Талдоонун жыйынтыгында ишканалар сунуштарды ишке ашыра баштады. Ар бирине кайсы багытта иштерди жакшыртуу керектиги көрсөтүлгөн өзүнчө план түзүлдү”, — деди Урмат Такиров.

Программанын маанилүү жыйынтыктарынын бири — ишканалардын Евробиримдиктин REX системасына катталышы болду. Бул система аркылуу экспорттоочулар ВСП+ (Жалпы преференциялар системасы) соода жеңилдиктеринен пайдалана алышат. Анын негизинде товарларды бажы төлөмдөрүсүз же төмөндөтүлгөн төлөм менен экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, ишканаларга интернетте өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү табуу үчүн LinkedIn социалдык тармагында баракча ачуу сунушталган.

“Учурда 17 ишкана LinkedIn тармагында баракча ачты. Алардын алтысы корпоративдик сайттары үчүн жаңы домендик аталыштарды каттатты. Дагы алты ишкананын сайты бар, бешөө сайт түзүүгө киришти. Ошондой эле беш ишкана Европа рыногуна чыгуу үчүн маанилүү болгон OEKO-TEX эл аралык сертификатын алууну пландап жатат”, — деди ал.

Урмат Такиров белгилегендей, экспорттук акселератор ишканаларды окутуу жана алардын ишине талдоо жүргүзүү менен гана чектелбейт. Мындан ары да ишканаларга берилген сунуштарды ишке ашыруу, өндүрүштү жакшыртуу жана чет өлкөлүк кардарлар менен иштешүүгө даярдоо улантылат.

Мындан тышкары, 2027-жылдан тарта экспорттоочуларды мамлекеттик колдоонун жаңы 2 түрүн киргизүү пландалууда. Анын бири экспорттук келишимдердин негизинде ишканаларга насыя берүү болсо, экинчиси эл аралык сертификаттарды алууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн кайтарып берүү болуп саналат.

“Кыргыз экспорт” борборунун директорунун маалыматына караганда, биринчи механизм Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу ишке ашырылат. Бул үчүн атайын каржылык продукт түзүү боюнча документ министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган.

Экинчи механизм ишканалардын эл аралык сертификаттарды алуусуна жана жаңыртуусуна, ошондой эле продукциясын чет өлкөлүк лабораторияларда текшерүүгө кеткен чыгымдарынын бир бөлүгүн жабууга багытталган.

Такировдун айтымында, сертификат алуу чакан ишканалар үчүн бир топ чыгым талап кылгандыктан, айрым ишкерлер бул кадамга баруудан тартынышат. Себеби, жумшалган каражаттын натыйжасын алдын ала так эсептөө кыйын.

Ошол эле учурда эл аралык сертификаттар продукциянын баасын жана кирешесин жогорулатууга, ошондой эле жаңы чет өлкөлүк рынокторго чыгууга жол ачат.

Связанный пост