Кыргызстандыктарга Камбоджа менен Таиландга барбай туруу сунушталды

 Кыргызстандыктарга Камбоджа менен Таиландга барбай туруу сунушталды

Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды аталган өлкөлөргө баруудан карманып турууну сунуштады.

Ошондой эле министрлик Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу негизинде жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону жана жергиликтүү бийликтер менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдат көңүл бурууну суранат.

“Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда Кыргызстандын жарандары Куала-Лумпур шаарындагы элчиликке +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу, же Тышкы иштер министрлигинин “ыкчам байланыш” номери +996 999 312002 (WhatsApp) аркылуу кайрыла алышат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост