Кыргызстандыктарды Японияда мыйзамдуу ишке орноштурууга квотаны көбөйтүү маселеси талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында IM Japan уюмунун жетекчилиги, анын ичинде Хитоши Канамори менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кыргызстандык жарандарды Японияда ишке орноштуруудагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Министр Сабиров IM Japan менен болгон өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал 2025-жылдын январында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду кызматташтыкты институтташтыруудагы маанилүү кадам катары белгиледи.

Кыргыз тарап квоталарды көбөйтүүнү, кызматташуунун жаңы багыттарын, анын ичинде санариптик технологиялар жана робот техникасы жаатындагы кызматташууну кеңейтүүнү, ошондой эле Кыргызстанда IM Japan стандарттары боюнча окутуу борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Япон тарап кыргызстандык жарандардын потенциалына жогору баа берип, техникалык стажёрлор үчүн келишим мөөнөтүн 1 жылдан 3 жылга чейин узартууга жана Кыргызстандан көбүрөөк жарандарды кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле “Айрыкча көндүмдөргө ээ жумушчу” мамлекеттик программасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маалымат алмашууну күчөтүү, кадрларды даярдоону өнүктүрүү жана пилоттук стажировкаларды, биргелешкен “жол картасын” ишке киргизүү сыяктуу жаңы демилгелерди кароо боюнча макулдашышты.

Маалымат үчүн: IM Japan компаниясы расмий түрдө Эмгек күчүн өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм катары белгилүү. Ал Япония өкмөтү тарабынан Техникалык стажировка программасын (TITP) башкаруу үчүн түзүлгөн коомдук фонд болуп эсептелет. 1993-жылы башталган бул программа өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жаштарын япон технологияларына, кесиптик көндүмдөргө жана эмгек маданиятына үйрөтүү аркылуу эл аралык кызматташууну колдоого багытталган.

Связанный пост