Кыргызстандыктар аманатын улуттук валютада сактоого артыкчылык берет – ЕАӨБдүн талдоосу

Кыргызстандыктардын коммерциялык банктарда ачкан аманаттары бир кыйла өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жума сайын берген баяндамасында айтылат.
Аналитиктердин маалыматы боюнча, каржы институттары жыл ичинде калктан 2,2 трлн сом кабыл алган. Башкача айтканда, депозиттердин көлөмү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсеге өскөн. Сом менен сакталган депозиттердин басымдуу бөлүгү 2,1 эсеге, ал эми чет өлкөлүк валютадагы эсептер жалпысынан 12 пайызга өскөн.
“Жалпы көлөмдөгү чет элдик валютадагы депозиттердин үлүшү 2024-жылдын январь-апрель айларында 25,2 пайызды түзсө, быйыл 15,5 пайызга чейин азайган. Тартылган депозиттердин 96 пайызга жакыны талап боюнча төлөнүүчү аманаттар. Экономиканын тез өсүп жаткан шартында бул депозиттер эң көп суроо-талапка ээ болду. Себеби, банктар дагы өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар”, – деп белгилейт ЕАӨБдүн аналитикалык тобу.