Кыргызстандык шахматчы Эдиса Бердибаева дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык шахматчы Эдиса Бердибаева Америкада өткөн дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, күн мурун окуучу командалар арасындагы дүйнө чемпионатынын акыркы туру аяктап, жыйынтыктар чыгарылды.
Жыйынтыгында кыргызстандык шахматчы дүйнө чемпиону аталып, үчүнчү тактада жекече эсепте жеңүүчү болду.
Белгиленгендей, Эдиса Бердибаева үчүнчү тактада 8 упайдын 8ин алып, 100 пайыз натыйжа көрсөткөн жалгыз шахматчы болду. Мындай жыйынтыкка ошондой эле Казакстандын ФИДЕ мастери Ахилбай Имангали экинчи тактада жетишти. Экөө тең 250 шахматчынын ичинен 100 пайыз натыйжа көрсөткөн спортчулар болду.
Белгилей кетсек, Эдиса Бердибаева дүйнө чемпионатынын алдында Борбор Азия чемпионатына катышкан. Ал жерде акыркы турда өзбекстандык спортчуну, атап айтканда 17 жашка чейинки окуучу кыздар арасында рапид боюнча учурдагы дүйнө чемпиону болгон Зилола Актамованы жеңип алган. Бул жеңиш анын курама командадагы өнөгү Бегимай Жаныбековага турнирде биринчи орунду ээлөөгө жана кыздар арасында эл аралык чебер наамын алууга чоң жардам берген.