Кыргызстандан жылына 1,5 млн тоннага жакын көмүр экспорттолот

 Кыргызстандан жылына 1,5 млн тоннага жакын көмүр экспорттолот

Кыргызстандан жылына 1,5 млн тоннага жакын көмүр Кытай менен Өзбекстанга экспорттолот. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Энергетика министрлигине караштуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, учурда Тажикстанга көмүр экспорттоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Жалпы статистикада Кыргызстан боюнча жылына 4,5 млн тоннага жакын көмүр өндүрүлөт. Ошонун ичинен 3 млн тоннадай көмүр ички рынокко керектелсе, 1,5 млн тоннага жакын экспорттолот. Алдыда экспорттун көлөмүн өстүрүү багыттарын карап жатабыз. Учурда Энергетика министрлигинин демилгеси менен чет өлкөлөргө көмүрдү автоунаа менен ташууга чек коюлган. Себеби, кыш-күз мезгилинде ички рынокто баалардын өсүп кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат. Анткени, биринчи ички рынокту камсыздап, андан кийин экспортко жиберүү каралган. Бирок, көмүрдү темир жол менен таашууга эч кандай чек коюлган эмес”, – деди Маматов.

Ошондой эле түштүк аймакта кен казуучу компаниялар көмүрдү Өзбекстан аркылуу алыскы өлкөлөргө сатып жаткандыгы маалымдалды.

“Өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан ири кен казуучу компаниялар көмүрдү Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө сатып жатышат. Мисалы, “Бел-Алма” кенинен өндүрүлгөн көмүр Өзбекстан аркылуу Европага чейин кетип жатат”,- деди ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост