Кыргызстандан Сирияга 150 тоннадан ашык гумжардам жеткирилди
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстандан Сириянын элине жалпысынан 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, гумжардам жеткирүү Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдарынын жардамы менен уюштурулду.
Гуржардамдын курамында азык-түлүк товарлары, атап айтканда ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы жана башкалар бар.
“Бул гуманитардык акция мамлекет башчысынын жана Кыргызстандын элинин тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого жана муктаж болгон өлкөлөргө гуманитардык колдоо көрсөтүүгө болгон берилгендигин тастыктады”, – деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү президент Ахмед Хуссейн аш-Шараанын жана Сирия элинин атынан Кыргызстандын президентине жана элине ыраазычылык билдирип, “Сиздердин колдооңуздар азыр өзгөчө маанилүү жана Сирия эли Кыргызстандын демилгесин бир туугандык колдоо катары кабыл алат”, – деп белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы көйгөйлүү маселелерди, аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.