Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге кыскарды

 Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге кыскарды

Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге азайды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, малдын экспорту министрлик тарабынан малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетишине жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлгөн чаралардан улам азайган.

Айтсак, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 781 кой-эчки жана 1 636 жылкы экспорттолду.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү кыйла жогору болгон. Тактап айтканда, 2024-жылдын 7 айында өлкөдөн 77 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 392 кой-эчки жана 5 113 жылкы сыртка чыгарылган.

Атап айтканда:

  • ири мүйүздүү мал экспорту 47 414 башка;
  • кой-эчкинин экспорту 38 611 башка;
  • кылкы экспорту болсо 3 477 башка азайган.

Связанный пост