Кыргызстандан Казакстанга 147 млн теңге алып өтүп бараткан жаран кармалды

 Кыргызстандан Казакстанга 147 млн теңге алып өтүп бараткан жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана комуникация башкармалыгы “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары ири өлчөмдөгү акча каражаттын мамлекеттик чек арадан аылынып чыгышына бөгөт коюшкандыгын маалымдайт.

“Ак-Жол-автожол” өткөрүү жайына Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына багыт алган 1994-ж.т. Ж.Н., аттуу Кыргыз Республикасынын жараны келген.

Чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө бул жарандын рюкзагынан чет элдик валюта – болжол менен 147 000 000 казак тенгеси табылган.

Жогоруда аталган жаран валютаны коштоочу документтери жок алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран мындан аркы териштирүү иштери үчүн аймактык компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Связанный пост