Кыргызстандан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу киргизилди
Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга (кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам автожолу” жана “Торугарт автожолу” өткөрүү пункттарын кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.
Белгилесек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.