Кыргызстандан Афганистанга 130 тонна гумжардам жеткирилди

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандан Афганистандын табигый кырсыктардан жабыркаган калкына кезектеги гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жакында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында президент Садыр Жапаров афган элине ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгын жана бул өлкөнү эл аралык изоляцияга калтырбоо маанилүү экендигин баса белгилеген. Кыргызстан бул саясатты иш жүзүндө ишке ашырып, 2022-жылдан тартып системалуу түрдө гуманитардык колдоо көрсөтүп келет.

25-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардам кербени Афганистанга сапарга чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жолго чыккан куткаруучуларга өлкөнүн ишеничин аркалап, аманатты эсен-аман жеткирүүгө дем берген.

Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жүктүн курамына 130 тонна азык-түлүк, 2 млн сомдук балдардын жылуу кийим-кечелери жана зарыл болгон күнүмдүк товарлар кирди.

Үч күндүк сапардан кийин, 27-сентябрда кербен Өзбекстандын аймагы аркылуу коопсуздук кызматтарынын коштоосунда Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жетти. Ал жерде делегацияны Кыргызстандын Афганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, Мазари-Шариф шаарына чейин коштоп барышты.

28-сентябрда Мазари-Шариф шаарында гуманитардык жардамды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Анда министрдин орун басары Урматбек Шамырканов бул жардам президент Садыр Жапаровдун атынан Афганистандын Кунар провинциясындагы Нургал районунда 31-августта болгон жер титирөөдөн жабыркаган калкка багытталганын белгиледи.

Аземге Балх провинциясынын жетекчилери, анын ичинде губернатордун орун басары Абуу Идирис катышып, кыргыз элине жана президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирди.

Жалпы көлөмү 130 тонна гуманитардык жүк атайын кампаларга түшүрүлүп, жакынкы күндөрү кырсык болгон аймакка жеткирилээри маалым болду.

Кыргызстандан барган делегацияны Балх провинциясынын губернатору Мухаммат Юсуф Вафо өз резиденциясында кабыл алып, боордош кыргыз элине жана мамлекет башчысына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы алакаларды бекемдөө максатында Мазари-Шарифте Кыргызстандын консулдугун ачуу, айыл чарба жана соода-сатык тармагында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, мурдагы жылдары да Кыргызстан тарабынан Афганистан элине бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөтүлүп, акыркы төрт жыл ичинде жалпысынан 360 тоннадан ашуун жүк жеткирилген.

Связанный пост