Кыргызстандагы орточо айлык маяна 42,6 миң сомдон ашты

 Кыргызстандагы орточо айлык маяна 42,6 миң сомдон ашты

2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандагы орточо айлык номиналдык маяна 42 миң 648 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Ал кошумчалагандай, эмгек акы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6 пайызга өскөн.

Белгиленгендей, эң көп айлык акынын жогорулашы кыймылсыз мүлк, курулуш, саламаттык сактоо, маалымат жана байланыш, социалдык тейлөө, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк, мейманканалар жана ресторандар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, мамлекеттик сатып алуулар жана тоо-кен казып алуу тармагында катталган.

Связанный пост