Кыргызстандагы аба майдандардын учуп-конуу тилкелери капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

 Кыргызстандагы аба майдандардын учуп-конуу тилкелери капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Кыргызстандагы аба майдандардын учуп-конуу тилкелери реконструкцияланып, капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

 

Аткарылган иштер:

 

“Манас” аэропорту

 

Аэропорттун жолдору, аэродром элементтери, жасалма учуп-конуу тилкелери оңдоп-түзөөдөн өттү.

 

“Талас” аэропорту

 

Талас аэропортунда дээрлик 21 миңдей жаракаларды битум аралашмасы менен жамоо иштери жүргүзүлдү. Учуп-конуучу тилкесине 100 миң чарчы метрден ашуун аянтка асфальт төшөө, 101 миң 770 чарчы метрге георешетка төшөө, 100 миң чарчы метрден ашык жерге битум чачуу, 3422 чарчы метр аймакта аң-чөнтөктөрдү жамоо иштери бүткөрүлдү.

 

“Казарман” аэропорту

 

Бүгүнкү күндө Казарман аэропортунда учак учуп- конуучу тилкесинин 91 миң 500 чарчы метр аянтына асфальт төшөө, 91 миң 500 чарчы метрине георешетка төшөө, 91 миң 500 чарчы метрине битум чачуу иштери жүрдү. Мындан тышкары, 3850 чарчы метр термопластика менен жасалма учуп-конуучу тилкесине горизонталдык белгилерди чийүү иштери аткарылды.

 

“Нарын” аэропорту

 

Нарын аэропортунда дээрлик 110 миң чарчы метр жерге асфальт-бетон катмары төшөлүп, 95 миң чарчы метр жерге георешетка капталды. Азыркы учурда жумуштун 80%ы аяктап калды.

Связанный пост