Кыргызстанда жылына 20 тоннадан ашык алтын өндүрүлөт

Кыргызстанда бир жылда 20 тоннадан ашык алтын казылып алынат, деп билдирди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алишер Калилов.
Анын айтымында, алтын өлкөнүн тоо-кен тармагынын негизги локомотиви болуп саналат.
Кыргызстанда 14 тоо-кен ишканасы тогуз негизги алтын кенин иштетет – алар: Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Жерүй, Тереккан, Иштамберди, Жамгыр, Караказык жана Талды-Булак Сол жээк.
Чачыранды алтындарды казып алуу төмөнкү кендерде жүргүзүлөт: Жалал-Абад облусундагы Сүлү-Тегерек, Каратөбө Бузук, Баймак, Иштамберди, Чанач; Нарын облусундагы Күмбөлсу жана Кынды; Чүй облусундагы Токойлуу жана Карабулак.
Булак “Кабар” агенттиги